17.06.2019 16:18

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү

Бүгүн, 17-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Бул туурасында April.kg кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, отурумга комиссиянын он бир мүчөсү катышты. Ал эми дагы бир мүчө – экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча маселени көтөрүп чыккандардын бири Канат Исаев отурумга келген жок.

Отурумга катышкандар: 

  • Каныбек Иманалиев;
  • Өмүрбек Бакиров;
  • Евгения Строкова;
  • Кожобек Рыспаев;
  • Максатбек Эгембердиев;
  • Талант Мамытов;
  • Бактыбек Райымкулов;
  • Жыргалбек Турускулов;
  • Алтынбек Жунус уулу;
  • Бактыбек Турусбеков;
  • Алмазбек Токторов.

Отурумдун башында комиссия мүчөсү Талант Мамытов парламенттин төрагасы Дастан Жумабековго комиссиянын кайрылуусун окуп берди. Анда эмнеге Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигинин себептери айтылган. Экс-президентке бир нече оор айып тагылууда: 

  • Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына ок атуучу куралдарды тапшырган. Бул жарандардын арасында уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрү бар.
  • Кой-Таштагы турак жайы мыйзамсыз алынган.
  • Кримтөбөл Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө мыйзамсыз бошотулган.
  • Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда 35 гектар жер тилкесин «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясында мыйзамсыз которгон.
  • «Дастан» ишканасынын айрым кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таштагы жерди мыйзам бузуу менен сатып алган.
  • Чоң-Сары-Ойдо 4,61 гектар жер тилке Алмазбек Атамбаевдин атына мыйзамсыз өткөн.
  • Бишкек ЖЭБин жаңылоочу компанияны Атамбаев өзү тандаган. Бул иштен улам мамлекетке чоң зыян келтирилген.
  • 2016-жылы Аида Салянова интернеттеги социалдык тармактарында ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келүү боюнча жазып, Атамбаевдин жеке менчик компанияны колдогон деп айткан.
  • Атамбаев президент болгондо бардык бийликти өз колуна алып, уюшкан кылмыш тобун түзгөн. Ал «Датка-Кеминди» курууда, Тарых музейин оңдого аралашкан.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаевди башка бир катар кылмыштарга,  аны менен катар бийликти узурпациялоого айыптоого аракет кылышууда. 

Депутаттык комиссия экс-президенттин 8-июндагы «Коррупция менен чыныгы күрөш үчүн» митингинде депутаттардын дарегине айткан катуу сөздөрүнөн кийин түзүлгөн. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев эл өкүлдөрүн «чимкириктер» деп атаган. Бул сөзгө депутаттар катуу теригип чыгышкан.